География:ТҮНДҮК ФЕРГАНА СУРЬМА-СЫМАП КЫРЧООСУ
ТҮНДҮК ФЕРГАНА СУРЬМА-СЫМАП КЫРЧООСУ – Жалалабат облусунун Алабука, Аксы, Ноокен р-ндорундагы сурьма ж-а сымап кендүү ири аймак. Түш. Теңиртоо бүктөлүү аймагында. Кырчоонун чегинде 3 рудалуу р-н (Терек-Касан, Пачата, Майлысуу-Турдук) белгилүү. Алардагы айрым кендер 1935-ж. табылган. Кырчоо аймагынын геологиясын протерозой, палеозой замандарынын мраморлошкон акиташ теги, кварц-слюдалуу сланец, жаспероид, жанартоо-чөкмө тектери ж-а аларды жиреп чыккан гранит интрузиялары түзөт. Мындагы кендер жалпысынан кабат (Терек, Касан, Ыштанберди) ж-а тарам түрүндө. Кабат түрүндөгү кендер рифейдин ж-а палеозойдун мрамору м-н сланец тоо тектеринин кошулган жериндеги роговик-жаспероид брекчияларында топтолгон. Алар ө. ж. мааниде. Тарам түрүндөгү сурьма-сымап рудалары тектон. жаракалар м-н тилмеленген жанартоо-чөкмө тектеринде жатат. Калыңдыгы 10–15 мге чейин жетип, өтө чачкын. Негизги минералдары: антимонит (сурьма), киноварь (сымап). Кээде пирит, цинк, мышьяк, коргошун, жез жолугат.