География:ТОСОР КЕНИ
ТОСОР КЕНИ – Ысыккөл облусунун Жетөгүз р-нундагы марганец-вольфрам рудасы жаткан жер. Балыкчы ш-нын түш.-чыгышында, Тескей Алатоонун этегинде жайгашкан. 1959–60-ж. кенге баа берүү жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын неогендин чөкмө тектери ж-а гранит интрузиясы түзөт Марганец кени гранитти кеңдик багытта кесип өткөн тектон. жараканы бойлой жайгашкан. Гранит неогендин чөкмө тектеринин брекчиясы м-н жабылып жатат. Брекчиянын тектон. жаракалар зонасы м-н кошулган жеринде марганец-вольфрам рудасынын линза сымал тулкулары бар. Кендеги марганецтин кондициялык өлчөмү 19,9%, вольфрам кычкылыныкы 1,26%ке чейин. Негизги минералы – псиломелан, пиролюзит. Вольфрамдын үч кычкылынын болжолдуу ресурсу 1333,4 миң т, марганецтики – 31,4 миң т.