География:ТЕРЕКТИ СУРЬМА КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ТЕРЕКТИ СУРЬМА КЕНИ Жалалабат облусунун Алабука р-нунда. Терексай шаарчасынын түн. тарабында. Чаткал кырка тоосунун түш. капталында жайгашкан. 1935-ж. табылган. Кен аймагын силур, девон ж-а карбон мезгилдеринде пайда болгон акиташ теги, мрамор, кристаллдуу сланец, кумдук, конгломерат, алевролит тектери түзөт. Бул тектер татаал бүктөлүүгө дуушарланып, субмеридиан багытындагы брахиантиклиналды түзүп жатат. Аларды диорит-гранит, ультрабазит-габбродиорит интрузиялары жиреп чыккан. Чөкмө тектер интрузиянын таасиринен роговиктерге ж-а жаспероиддерге айланган. Сурьма рудасы кабат түрүндө брекчияланган роговик м-н акиташ тектеринин кошулган жеринде топтолгон. Руда тулкусунун уз. 40– 150 мге, калыңдыгы 0,5– 1,9 мге чейин. Негизги минералдары: антимонит, пирит, чанда сфалерит, буланжерит, жемсонит, арсенопирит ж. б. Герцин металлогениялык доордо гидротермден пайда болгон.