География:ТАЛДЫБУЛАК-СОЛ ЖЭЭК АЛТЫН КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ТАЛДЫБУЛАК-СОЛ ЖЭЭК АЛТЫН КЕНИ Кемин р-нунда, райондун борбору ж-а темир жол бекети – Кемин шаарчасынан 35 км түш.-батышта, Кыргыз Алатоосунун этегинде жайгашкан. Кен 1963-ж. ачылган. Кен аймагындагы метаморфизмделген тоо тектерди диорит-монцонит курамындагы жанартоо комплекси жиреп чыккан. Кен үч руда зонасынан турат; алардын ичинен келечектүү «Башкы» руда зонасы дыкатыраак чалгындалган. Руда тулкуларынын уз. 120–170 м, калыңдыгы 1–120 м. Руданын тиби–кварц-алтын-сульфидүү; алтын негизинен пиритте топтолгон. Кенде алтын м-н катар күмүштүн ж-а күкүрттүн запастары бар. Алтындын аныкталган запасы–58669 кг, мындан тышкары кендин тереңинде дагы 34,5 т алтын бар деп божомолдонот.