География:ТАЛДЫБУЛАК АЛТЫН КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ТАЛДЫБУЛАК АЛТЫН КЕНИ Талас р-нунда. Кыргыз Алатоосунун түш. капталында, Каракол суусунун оң жээгинде, Жерүй кенинен 35 км түн.-батышта, Талас ш-нан 47 км аралыкта, деңиз деңг. 1970– 2100 м бийиктикте.1967-ж. табылган. 1977–80-ж. издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы жогорку ордовиксилурдун диорит-профирлери м-н жирелген ортоңку ордовиктин жанартоо-терриген катмарларынан түзүлгөн. Рудалануу майда тектон. жаракалар м-н байланышкан. Руда уя ж-а линза сымал майда тилкечелерден турат. Майда тилкечелердин өлчөмү 1150700 м келген эллипс сымал штокверк түзүлөт. Руда гидротерм процесстернин негизинде пайда болуп, жез-порфирдүү типке ж-а алтын-сульфид-кварц формациясына кирет. Негизги руда минералдары: халькопирит, молибденит, хризоколла, малахит, азурит, борнит, халькозин, сфалерит, мелионит. Рудадагы пайдалуу компоненттердин орт. өлчөмү: алтындыкы–0,67 г/т, жездики–0,20%, молибден дики–0,0073%. Руданын запасы ж-а ресурсу 379430 миң т. Алтындын запасы ж-а ресурсу 253,9 т.