География:САНДЫК КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

САНДЫК КЕНИ – Нарын облусунун Жумгал р-нундагы алюминий металлын алууга жарамдуу нефелиндүү сиенит жаткан жер. Ташдөбө кыш-нан 25 км түш. тарапта, Жумгал тоо тизмегинин чыгыш учундагы Сандык тоосунда жайгашкан. 1953-ж. табылган. Кен аймагында палеозойдун аягында жиреп чыккан сиенит интрузиясы кеңири таралган. Пайдалуу тоо тек–нефелиндүү сиенит магма комплексинин 2-фазасында пайда болуп, шток түрүндө жатат. Нефелиндүү сиенит негизинен калийлүү талаа шпатынан (60– 65%), нефелинден (22,5%), калганы түстүү минералдардан (биотит, пироксен) турат. Кенден алюминий кычкылын бөлүп алуу мүмкүнчүлүгү бар экендиги аныкталган. Анын өлчөмү 20,09%ке жетет.