География:ОРОК ЧОПО КЕНИ
ОРОК ЧОПО КЕНИ Чүй өрөөнүндө. Бишкек ш-нан 10,5 км түш.-батыш тарапта, Бозбөлтөк дөңсөөнүн түн. капталында. Орок кыш-нан 500 м түш.-чыгышта. 1954-ж. табылган. Кен антропоген мезгилинде пайда болгон түрдүү түстөгү (саргыч, боз, күрөң) чоподон турат. Чопо катмарынын калыңдыгы 15–40 м. Арасында гипс, карбонаттардын майда тарамчалары кездешет. Чопо нык, хим.-тех. касиети б-ча «75», «100» маркасындагы кирпич ж-а аглопорит даярдоого жарамдуу; черепицага жараксыз. Запасы А+С+В категориясы б-ча 4302 миң м3. 1965-жылдан Новопавловка кирпич з-ду казып пайдаланат.