География:ОБОБЕЛ ГИПС КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОБОБЕЛ ГИПС КЕНИ Нарын р-нунда. Нарын ш-нан 20 км түш. тарапта, Аламышык тоосунун түш. этегинде. 1957–59-ж. изилденген. Кен аймагын палеоген-неогендин чөкмө тектери түзөт. Гипс катмары неогендин чопо катмарынын арасында жатат. Мында гипстин эки катмары бар. Астыңкы катмар мала кызгылт гипстен туруп, калыңдыгы 5–12 м, уз. 1 кмдей. Үстүңкү катмар кызгылтым ак гипстен түзүлүп, калыңдыгы 3,5–6,5 м. Уз. 1,5 кмге созулат. Бул гипстер жакшы сайкалданат. Арасында кызгылтым селениттин жука катмарчасы учурайт. Запасы С2 категориясы б-ча 540 миң т. Көркөм-кооз буюмдарды жасоого сырьё катары колдонсо болот.