География:КУРАНЖАЙЛОО АЛТЫН КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРАНЖАЙЛОО АЛТЫН КЕНИ Чүй облусунун Кемин р-нунда, Кыргыз Алатоосунун чыгышынын түн. капталында, Орловка шаарчасынан 25 км түштүктө, деңиз деңг. 1950–2200 м бийиктикте. 1961ж. табылган. 1966–71-ж. геол. чалгындоо жүргүзүлгөн. Кен аймагы силурдун граниттери, жогорку палеозойдун сиенит-диориттери, диориттин порфириттери м-н жирелген карбондун филиш-молоссалык катмарынан түзүлгөн. Руда тулкулары, ар түрдүү багытта жылышкан жаракалар аркылуу гидротермдик өзгөрүүлөргө дуушарланган тоо тектердин зонасы м-н байланышкан. Рудалануу тарам тибине ж-а алтын-сульфид формациясына кирет. Руданын негизги минералдары: пирит, арсенопирит, сфалерит, галенит ж. б. Рудадагы алтындын орт. өлчөмү 10,1 г/т. Руданын запасы ж-а ресурсу 818,23 миң т. Алтындын запасы ж-а ресурсу 8,299 т.