География:КАСАНСАЙ СУРЬМА КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАСАНСАЙ СУРЬМА КЕНИ Жалалабат облусунун Алабука р-нунда. Касансай кыш-нын түш.-чыгышында, Чаткал кырка тоосунун түш.-чыгыш капталындагы Касансай суусунун сол өйүзүндө. 1935-ж. табылып, 1940–60-ж. геол. чалгындоо жүргүзүлгөн. Кен аймагын протерозой заманынын аягында пайда болгон акиташ теги м-н сланецтер түзөт. Руда негизинен алардын кошулган жеринде, кээде акиташ тегинин арасындагы брекчия кабаттарында кезигет. Руда кабатча түрүндө барит, кварц, кальцит, антимонит, сфалерит ж. б. сейрек кездешүүчү минералдардан турат. Брекчия кремнийлешкен тоотек сыныктарынан түзүлүп, алар кварц ж-а антимонит, кээде барит, кальцит м-н камдашкан. Руда тулкуларынын уз. 50–100 мге созулуп, калыңдыгы 1,6–2,8 мге жетет. Кен герцин металлогениялык доордо гидротермден пайда болгон.