География:ТӨМӨНКҮ НАРЫН КАПЧЫГАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ТӨМӨНКҮ НАРЫН КАПЧЫГАЙЫ Нарын д-н бойлото Кетментөбө өрөөнүнөн Ташкөмүр ш-на чейин созулуп жатат. Уз. 80 кмдей. Капчыгай девон-карбондун ж-а юранын акиташ, кумдук, конгломерат, чопо ж-а метаморфизмделген сланец тектеринен турат. Дарыя Кочкордөбө, Исфанжайлоо, Чокет, Чак (сол жээк) ж-а Атойнок, Суук, Жалгызкыр (оң жээк) тоолорун кесип өтөт. Дарыя жээгинин айрым бөлүгүндө байыркы төртүнчүлүк мезгилдин тектеринин калдыктары бар. Капчыгайдын таманынын орт. бийикт. деңиз деңг. 670 м. Сол жээгиндеги тоолордун орт. бийикт. 2060 м, оң жээгиндегиники 1970 м (суунун нугунан 1300–1400 м бийик жайгашкан). Капчыгайдын кууш келген бөлүгү Токтогул ГЭСинин тосмосунан батышты көздөй 20 кмге созулат. Тосмодон чыгышты көздөй капчыгай 600–800 м кеңейет. Капчыгайдын капталдары тик ж-а аскалуу келип, майда терең өрөөндөр м-н тилмеленген; сел жүрөт. Түш. капталы шагылдуу келип, каксоо, жарым чөл ландшафты басымдуу. Түн. капталында бадал, арча кездешет. Нуктун оң ж-а сол жээктери м-н Бишкек – Ош жолу өтөт. Капчыгайдын төмөнкү бөлүгүндө Күрпсай, Шамалдысай, Ташкөмүр ГЭСтери курулган.