География:ТАР КАПЧЫГАЙЫ
ТАР КАПЧЫГАЙЫ Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталында түш.-чыгыштан түн.-батышка Тар суусу аккан багытта 35–40 кмге созулат (Ойтал ж-а Ылайталаа кыш-нын аралыгында). Капталдары тик, таманынын жазы жери 1,5–2,0 км, кууш жери 300–500 м. Таманынын деңиз деңг. орт. бийикт. 2200 м. Капчыгай ортоңку палеозойдун акиташ теги, кумдук, сланец ж. б. тектерин суу жеп кетишинен пайда болгон. Төмөнкү бөлүгүнүн таманы төртүнчүлүк мезгилдин чөкмө тектерине толгон. Жогорку бөлүгүндө ал тектер жокко эсе. Капчыгайдын капталдарында жарым чөл, кургак талаа ж-а талаа ландшафттары жалама, тик аскалуу беттер м-н айкалышып жатат. Таманынын айрым жеринде сейрек бадал токой кездешет.