География:КУРТКА КАПЧЫГАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРТКА КАПЧЫГАЙЫ Молдотоонун түш. капталында. Акталаа р-нун аймагында. Куртка суусунун аккан багыты б-ча түндүктөн түштүккө 30–33 кмге созулат. Таманынын жазы жери 2–3 км, кууш жери 400–600 м; деңиз деңг. 1800–2600 м бийиктикте жатат. Турпаты V сымал. Капчыгай суу эрозиясы м-н аккумуляциясынын натыйжасында карбондун кумдук, сланец, конгломерат тектерин жеп, үбөлөнүшүнөн пайда болгон. Таманында төртүнчүлүк мезгилдин чөкмө тектери жокко эсе. Капчыгайга талаа, шалбаалуу талаа (2300 мге чейин), токой аралашкан шалбаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Капчыгай аркылуу Ортоңку Нарын ж-а Соңкөл өрөөндөрүн туташтырган авт. жолу өтөт.