География:КАЖЫРТЫ (КӨКЖЕРТИ) КАПЧЫГАЙЫ
КАЖЫРТЫ (КӨКЖЕРТИ) КАПЧЫГАЙЫ Ички Теңиртоодо, Молдотоонун түш. капталында; Нарын, Акталаа р-нун аймагында. Капчыгай аркылуу Соңкөлдөн башталган Кажырты суусу агат. Уз. 45 км, эң жазы жери 1–2 км (Нарын өрөөнүнө чыга берген жерде), кууш жери 300–500 м. Таманы деңиз деңг. 1900–2700 м бийиктикте жайгашкан. Капталдары негизинен тик, каньон сымал. Карбондун сланец, кумдук, конгломерат тектеринен турат. Капчыгай эрозиядан ж-а үбөлөнүүдөн пайда болгон. Бетегелүү талаа ж-а сейрек токойбадал өскөн шалбаалуу талаа ландшафты мүнөздүү.