География:ЖООНАРЫК КАПЧЫГАЙЫ
ЖООНАРЫК КАПЧЫГАЙЫ — Ички Теңиртоодогу антецеденттик капчыгай. Үкөк ж-а Бабата тоолорун кесип, меридиан багытында 45 кмге созулуп жатат. Кочкор р-нун аймагында. Деңиз деңг. бийикт. 1900–2100 м, туурасы 200–300 м. Капталдары бийик (300–800 м), тик (45–65°). Капчыгай аркылуу Чүй д-нын башы— Жоонарык суусу агат. Капчыгай палеозойдун сланецтери м-н кумдуктарынан түзүлгөн. Түштүгү кууш, зоокалуу, гранит теги жер бетине чыгып жатат, түндүгү кенен, таманы кашаттуу. Кээ бир жерлери кууш шаңшаар. Капчыгайга бетеге, шыбактуу жарым чөл ж-а кургак талаа ландшафттары мүнөздүү. Чүй, Ысыккөл өрөөндөрүн Нарын облусу м-н байланыштыруучу авт. жолу өтөт. Ошол эле жолдун тарамдары Кочкор өрөөнүн Каракужур, Төлөк өрөөндөрү м-н байланыштырат.