География:АЛАМҮДҮН КАПЧЫГАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛАМҮДҮН КАПЧЫГАЙЫ Кыргыз Алатоосунун ортоңку бөлүгүнүн түн. капталында. Уз. 50 км, бийикт. 1000–4000 м. А. к. кууш, өтө терең (800–1000 м). Капчыгайдын баш жагы үч айрыкка бөлүнөт, алар кошулуп, антропоген мезгилдеги муздук кеңейткен жайыгыраак (1,5 кмге чейин) төргө өтөт. А. к. улам төмөндөгөн сайын куушурулуп, туурасы 25–50 мден ашпайт. Капталдары жантык, кээде тик (30– 60°). Чуңкурчак өрөөнүндө алкымга айланат. Капчыгайдан Аламүдүн суусу агат. Баш жагына шалбаалуу альп ж-а субальп, төмөнкү бөлүгүнө бадалдуу шалбаа ландшафты мүнөздүү. Капчыгайдан минералдуу суу булактары чыгат. Ал жерге эс алуучу ж-а дарылануучу жай курулган. Чүй өрөөнүнө чыга беришинде Аламүдүн суу сактагычы курулган. А. к. негизинен жайыт ж-а туристтик жай катары пайдаланылат.