География:ЧЫТТЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЧЫТТЫ — Фергана тоо тизмегинин түш.батыш капталындагы өрөөн, табигый кооз жер. Жазы суусунун оң куймасы Чыттынын алабында, деңиз деңг. бийикт. 1880– 3640 м. Рельефи эрозия-денудациялык орто бийиктиктеги тоо-өрөөн тибине кирет. Өрөөндүн ичи кууш, түн.-батышта Байбиче, Капкан тоолору, түш.-чыгышта Агатан, Коңурдөбө, Арчалы тоолору өрөөндү куушуруп келип, тар капчыгайларды (Тайгак, Ташмечит, Текеуюк ж. б.) түзөт. Бир аз жайык (100–150 мге чейин) жерлери да (Соболоң, Арчалытөрдүн чаты) бар. Аймактын ылдыйкы түш.-батыш тарабы силурдун серициттүү сланец, акиташ, мрамор ж. б. тектеринен, Фергана тоо тизмегине жакын жаткан көп жери юра мезгилинин алевролит, сланец, кумдук, конгломерат ж. б. тектеринен турат. Ч-нын алабы жаан-чачындуу келип, кышкысын кар калың түшөт. Ч. суусунун уз. 17 км; 13 майда куймасы бар, алардын жалпы уз. 54 кмден ашпайт. Ландшафтында токой-бадалдуу шалбаа (карагай, арча, итмурун, долоно, четин ж. б.), 3000 мден жогору субальп, альп шалбаасы мүнөздүү. Өзөндүн оң жээгинде, Жетимбулактын чатынан ылдый деңиз деңг. 2420 м бийиктикте 13–15-к-га таандык археол. эстелик (таш коргон) бар. Бул кербен сарайды Чыттыкоргон, кээде Ташмечит дешет. Жанында Соболоңата деген эски мазар бар. Ч-ны бойлой кербен жол өткөн. Кербен сарайдын айланасы соода-сатык базар болгон. Ошондо бул жер Чыттыбазар атыккан. Аймактын кооз табияты, жагымдуу климаты, тарыхый эстеликтери рекреация үчүн мааниси зор. Өрөөндүн төрүнө чейин авт. жолу барат.