География:ЧЫГЫШ КӨКСУУ ӨРӨӨНҮ
ЧЫГЫШ КӨКСУУ ӨРӨӨНҮ Алай кырка тоосунун чыгыш учунда. Көксуунун аккан багыты б-ча түндүктөн түштүккө ж-а чыгышка 70–75 кмге созулат. Алай р-нун аймагында. Баш жагы кенен (6–7 км), мөңгүнүн аракетинен пайда болгон. Төмөнкү бөлүгү V сымал капчыгайды түзөт. Өрөөн силурдун ж-а девондун кумдук, сланец, акиташ ж. б. тектерин суу жеп үбөлөнүүсүнөн пайда болгон. Көксуунун таманынын жапыз жери 2980–3000 м, бийик жери 3600–3700 м. Таманында бадал ж-а шалбаалуу токойлор кездешет.