География:ЧАТЫРКӨЛ ОЙДУҢУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЧАТЫРКӨЛ ОЙДУҢУ Ички Теңиртоодо. Түндүгү Атбашы, түштүгү Торугарт тоолору м-н чектелет. Түзбел ашуусунан Кеңсуу м-н Көкайгырдын суу бөлгүчүнө чейин 48 кмге созулуп жатат. Туурасы 18 км, жалпы аянты 1050 км2. Деңиз деңг. бийикт. 3500–3600 м; айланасындагы тоолордун ойдуңдун таманынан салыштырмалуу бийикт. 300–900 м. Чатыркөл грабен-синклиналь ж-а Атбашы, Торугарт горст-антиклиналь түзүлүштөгү герцинде пайда болгон. Неоген-төртүнчүлүк мезгилде соңку тектон. кыймылдын натыйжасында Атбашы ж-а Торугарт тоолору көтөрүлгөндө, Чатыркөл ойдуңу мезозой-кайнозой тектеринин астында калган. Ойдуңдун эң төмөн ийилген бөлүгүн Чатыркөл ээлейт. Төртүнчүлүк мезгилдин башында ж-а аягында ойдуңду муз каптаган. Ойдуңдун таманы көл чөкмөлөрүнөн, убактылуу жаанчачындын агындыларынан ж-а мөңгү мореналарынан туруп, көлдүү түздүктү түзөт. Термокарсттык оёңдор, дөбө-чуңкурлар кездешет. Термокарсттык көлдөр Кичикөлдүн айланасында. Составында көмүр кычкыл газы бар нарзан тибиндеги суунун чыгышы андагы көп жылдык тоңдун жер бетине жакын жатышына байланыштуу. Ойдуңдун чыгыш бөлүгүндө диаметри 50–400 мге жеткен көлдүү чуңкурлар көп жылдык тоңдун үстүнкү бетинин эришинен пайда болгон. Тоо капталдары өрөөн, капчыгайлуу келип, тик капталдуу төрлөрдөн, аскадан турат. Тоо этегиндеги шиленди конустар агын суулардын терең (1–2 м) нуктары м-н тилмеленген. Чатыркөлдүн жээгинде төртүнчүлүк мезгилдин аралыгында ж-а аягында пайда болгон тектирлер жээктен 5–15 км аралыкка чейин созулат. Климаты катаал. Январдын орт. темп-расы –22,2°С, июлдуку 7,1°Сге чейин. Кышында —кээде 50°Сге чейин суук болот. Жылдык жаанчачыны 205–269 мм. Ойдуңдун көп бөлүгүн Чатыркөл ээлеп, ага 17 суу куят. Кыртышы бийик тоолуу такыр тибиндеги шор топурактан, тоо капталдары кумдуу шагылдардан турат. 3500 м бийиктикте түркстан арпасы, бетеге ж. б. өсөт. Атбашы тоосунун түш.-чыгыш капталына (3600–3700 мден 3900–4000 мге чейин) альп шалбаасы, андан жогору нивалдыкгляциалдык зоналар мүнөздүү. Минералдуу сууларынын мааниси зор.