География:ҮЧКӨЛ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ҮЧКӨЛ ӨРӨӨНҮ Борб. Теңиртоодо, Акшыйрак (чыгыш), Эшегарт, Борду, Көөлү ж-а Төр тоолорунун аралыгында Үчкөл (Сарыжаздын оң куймасы) суусу аккан багытта түштүккө ж-а чыгышка карай созулат. Уз. 90 кмдей, таманынын эң жазы жери 3–3,5 км, кууш жери 700–1000 м. Таманынын басымдуу бийикт. 2250—3250 м. Өрөөндүн башы Сарычат деп аталып кенен, тепши сымал; байыркы мөңгүнүн мореналары көп кездешет. Ортоңку бөлүгү Ээрташ деп аталып, кууш тоо капталдары өрөөнгө тик түшүп, V формасындагы капчыгайды пайда кылат. Төмөнкү бөлүгү Үчкөл деп аталып, чыгышка карай созулат. Жардуу, тоо капталдары майда кокту-колоттуу. Климаты кескин континенттик; курчаган тоолору мөңгүлүү. Башкөл куйган жерде көл бар. Ландшафттары субальп ж-а альп талаасы, нивалдык-гляциалдык мүнөздө.