География:САРЫЖАЗ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

САРЫЖАЗ ӨРӨӨНҮ Борб. Теңиртоонун түн.-чыгышында. Түндүгүнөн Тескей Алатоо, түштүгүнөн Сарыжаз кырка тоосу м-н чектешет. Өрөөндүн чыгыш бөлүгүн Адыртөр кырка тоосу экиге бөлөт. Батышы Сарыжаз капчыгайына такалат. Уз. 90 км, туурасы өрөөндүн таманында 5 км. Таманынын абс. бийикт. 2700–3600 м. Өрөөндүн түн. капталы жапыз (салыштырма бийикт. 500–700 м), түштүгү 1500–2000 м. Байыркы үбөлөнүү процессинде тегизделген сырт басымдуу. Байыркы муз каптоонун издери, неогендик рельеф кездешет. Өрөөндө палеоген, неоген мезгилдеринде пайда болгон кызыл түстүү кумдук, чопо, конгломерат чөкмө тектери, байыркы мөңгү-суу ж-а аллювий чөкмөлөрү жатат. Негизги структурасы — Кайыңды, Тууракайың антиклиналдары. Өрөөндө чопо, кум, шагыл ж. б. курулуш материалдарынын кендери бар. Климаты континенттик. Январдын орт. темп-расы –20°...–22°С, июлдуку 4–5°С. Жылдык жаан-чачыны 500— 800 мм. Аянтынын 21%ин (370 км2) мөңгү ээлейт. Өрөөн аркылуу аккан Сарыжаз суусу жазылыгы 500–700 м болгон жайылманы пайда кылат. Өсүмдүгү ж-а топурагы бийиктик алкактуулук б-ча жайгашкан. Таманынан 3500–3600 мге чейин альп шалбаасы ж-а шалбаалуу талаа (доңуз сырты, өлөң чөп, күнгөй беттеринде бетеге, төөкуйрук, караган ж. б.), 3700– 3900 м бийикте суук чөл, андан жогору гляциалдык-нивалдык ландшафт зоналары жатат. Негизинен кышкы жайытка пайдаланылат.