География:ЖУМГАЛ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМГАЛ ӨРӨӨНҮ Ички Теңиртоодо, Жумгал тоо тизмеги м-н Түн. Кабак ж-а Соңкөл тоолорунун аралыгында жайгашкан. Кызарт белинен Көкөмерен суусуна чейин 80 км аралыкта созулуп жатат. Туурасы 30 км, таманы деңиз деңг. 1500–2600 м бийиктикте; батышты карай өрөөн жапыздайт да (1485 мге чейин) таманы кеңейип, Кайырма кыш-на жакын 25 кмге жетет. Чаектен батышты карай өрөөн кайра куушурула баштайт (10 кмге чейин). Тоо этегиндеги түзөңдөрдүн туурасы 4–8 км келип, Жумгал суусун карай эңкейиштеп (5– 7°), суу боюндагы тектирлерге өтөт. Ж. өндө неоген ж-а төртүнчүлүк мезгилдеринде пайда болгон чөкмө тоо тектер жатат. Алар аралыгында кичирээк антиклиналы бар мегасинклиналды түзөт. Ж. ө-нүн тоо капталдарында таш туз, жер астындагы суу, күрөң көмүр (Каракече), курулуш материалдардын кендери бар. Климаты континенттик. Жайы ысык (30–32°Сге чейин), кышы суук (–30...–35°Сге чейин). Январдын орт. темп-расы — 16°Сге чейин. Июлдуку 20°С Жылдык жаан-чачыны 250–500 мм. Өрөөндүн айланасындагы тоолордо мөңгү ж-а түбөлүк кар өтө аз, ошондуктан суулары кичине. Ж. ө-нө боз шыбактуу жарым чөл, шыбактуу-бетегелүү кургак талаа, бетеге, аккылкандуу талаа, шалбаа ж-а шалбаалуу талаа, субальп ж-а альп ландшафттары мүнөздүү. Жарым чөл өрөөндүн Көкөмеренге туташ жаткан батыш бөлүгүндө тараган (шыбак, терскен, бетеге, чий аралаш өсөт). Кургак талаа жа талаа алкактары 1700–2700 м бийиктиктеги тоо капталдарына, бөксөлөргө мүнөздүү. 3200–3300 мге чейин субальп, андан жогору альп шалбаасы тараган. Каракече, Көлмө ж. б. сууларынын өрөөнүндө бадалдуу шалбаа аралаш бир аз карагай токою бар. Жумгал суусунун боюнда тал, терек, чычырканак ж. б. жыгач бадалдар өсөт. Өрөөндө мал чарбасы ж-а дыйканчылык өнүккөн. Күнгөй беттеринде кар туруксуз болгондуктан кышкысын мал кыштатылат. Тескей тарабындагы шалбаа, шалбаалуу талаалар жайыт катары пайдаланылат. Дыйканчылык айрыкча Жумгал суусунун оң өйүзүндө өнүккөн. Мында буудай, арпа, жүгөрү, сулу ж-а көп жылдык тоют өсүмдүктөрү, о. эле жашылчажемиш (батыш бөлүгүндө) өстүрүлөт. Айдоо аянтынын көбүн тоют өсүмдүктөрү ээлейт. Ж. ө-ндө (Кайырма) байыркы, о. кылымдык элдүү пункттардын калдыктары ж. б. тарыхый эстеликтер бар.