География:ЖОГОРКУ НАРЫН ӨРӨӨНҮ
ЖОГОРКУ НАРЫН ӨРӨӨНҮ Ички Теңиртоодо. Чоң Нарын суусунун алабынан орун алган. Жетөгүз ж-а Нарын р-нун аймагында. Өрөөн кеңдик багытында 130 км узундукта созулат, туурасы 20 км. Түндүгүнөн Жетим кырка тоосу, Тескей Алатоо, чыгышынан Акшыйрак кырка тоосу, түштүгүнөн Нарын кырка тоосу, Улан, Чакыркорум, Борколдой тоолору курчап жатат. Өрөөндүн таманынын деңиз деңг. бийикт. 2600–3600 м. Аны курчап жаткан тоолор салыштырмалуу 1000– 1300 м көтөрүңкү. Батыш жагы анча кенен эмес, бара бара кууштап, Кашкасуу ж-а Төлөк суулары Чоң Нарынга куйган аймакта Чоң Нарын капчыгайына өтөт. Ортоңку бөлүгү кенен, туурасы айрым жерлерде 25 кмге чейин жетет. Чыгышын Кыркоо ж-а Кызылешменин байыркы морена кырлары Тарагай өрөөнүнө ж-а Карасай өрөөнүнө бөлөт. Тарагайдын башы Арабел — Кумтөр өрөөнү деп аталат. Өрөөндүн батыш ж-а ортоңку бөлүктөрүндө Каракол, Чакыркорум, Улан сууларынын майда өрөөндөрү бар. Төмөнкү (батыш) бөлүгүндөгү (тоо капталдары) майда кокту-колоттуу келип, өрөөндүн таманына тик түшөт. Таманы тектирлүү. Айрым жерлерде кеңдик багытында жаткан анча бийик эмес кырлар, дөбөлөр м-н алмашат. Өрөөндүн таманы (батышында) негизинен төртүнчүлүк мезгилинин чөкмөлөрүнөн ж-а неогендин кум, шагылдарынан турат. Каптал беттери төмөнкү палеозойдун гранит, гранит-диорит ж. б. интрузия тектеринен туруп, кеңдик багытында кеткен тектон. жаракалар м-н тилмеленген. Климаты континенттик, январдын орт. темп-расы —19°С, июлдуку 9°С. Жылдык жаан-чачыны 300 мм. Өрөөндө альп шалбаасы, шалбаалуу талаа ландшафттары басымдуу, айрым тик беттерде алар субнивалдык жылаңач чөлдөр м-н алмашат. Тоо кырларына нивалдык гляциалдык ландшафт
мүнөздүү. Жайыт. Өрөөндө Каракол, Карасай ж. б. кыштоолор бар. Барскон– Акшыйрак авт. жолу өтөт. М. Дүйшөнакунов