География:БОЗЖАЛПАК ОЙДУҢУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЗЖАЛПАК ОЙДУҢУ Борб. Теңиртоодо. Түндүгүнөн Бозжалпак тоосу, түштүгүнөн Какшаал тоо кыркасы м-н курчалган. Уз. 21 км, туурасы 4 км. Бийикт. 3300–3800 м. Бозжалпак тоосунун түш. капталындагы тектон. жараканын төмөн чөгүшүнөн пайда болгон. Өрөөнгө байыркы муз каптоодон пайда болгон дөңсөөлүү рельеф мүнөздүү. Бозжалпак суусун бойлой тик кашаттуу тектирлер жатат. Жогорку олигоцен м-н миоцендин кызыл түстүү чопосу, кум, шагыл, гипс, миробилит ж-а төртүнчүлүк мезгилде пайда болгон тектерден түзүлгөн. Ойдуң аркылуу Бозжалпак суусу агат. Шыбактуу доңуз сырты, доңуз сырты ж-а шыбактуу бетеге өсүмдүктүү шалбаа басымдуу. Алыскы жайыт.