География:БЕШТАШ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШТАШ ӨРӨӨНҮ Талас Алатоосунун түндүк капталында. Бешташ суусун бойлой Бешташ ашуусунан (3578 м бийиктикте) түн.-чыгышты карай 54 кмге созулуп жатат. Таманы деңиз деңг. 1250– 3500 м бийикте жайгашкан. Баш жагы м-н ортоңку бөлүгү капчыгай сымал. Т алас өрөөнүнө жакындаганда кеңейет да түндүктү карай бурулат. Рельефи төмөн жагында адырлуу. Адырлардын этегинде Т алас суусун карай акырындык м-н эңкейиш тарткан түздүк жатат. Өрөөндүн көп бөлүгүнө орто бийиктиктеги тоолуу рельеф мүнөздүү. Негизинен палеозойдун акиташ ж-а доломит тектеринен түзүлгөн. Алар аскалуу тик беттерди түзөт. Баш жагында интрузия тектери да кездешет. Өрөөн аркылуу Бешташ суусу [куймалары: Кайыңды, Өмүр, Карагайлы, Терек, Т уюктөр, Кошойтөр, Коргоншанык (сол), Корумду, Кырколот, Төбөй, Атчыкпас (оң)] агат. Деңиз деңг. 3008 м бийиктикте Бешташ көлү жайгашкан. Андан төмөнүрөөк да чакан кооз көлдөр бар. Климаты континенттик, январдын орт. темп-расы —0...—8°С, июлдуку 20–21°С. Бийиктеген сайын климаты өзгөрөт, темпрасы төмөндөп, жаан-чачын көбөйөт. Жылдык жаан-чачыны 300–800 мм. Б. ө. ландшафтынын өтө ар түрдүүлүгү ж-а кооздугу м-н өзгөчөлөнөт. Анда кылканак-бетегелүү тоолуу күңүрт-коңур топурактуу талаа зонасынан (1200–2200 м) баштап, доңуз сырты өлөң, түркүн чөптүү альп шалбааларына, мөңгү, түбөлүк карга чейинки ландшафт зоналары бар. 2000–2800 м бийиктикте көк карагай, карагай токойлору кезигет. Көк карагай Бешташ өрөөнүндө гана өсөт. Токой арасында четин, арча, кайың, жапайы алма, тал ж. б. өсөт. Өрөөндүн ооз тарабында Козучак, Балбал, Хивинка кыш. жайгашкан. Өрөөн аркылуу Бешташ ашуусуна, андан Кетментөбө өрөөнүнө авт. жолу өтөт.