География:АКСУУ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКСУУ ӨРӨӨНҮ Тескей Алатоонун түн. капталында. Аксуунун эки айрыгы — Алмалы (оң) ж-а Алтынарашан (сол) өзөндөрүнөн орун алган. Чыгышында Ичкежергез, Бууракан, батышында Каракол, Жыланды тоолору (Тескей Алатоонун тармактары) жатат. УЗ. 60 км, туурасы 0,02–2,5 км, орт. бийикт. 2000–3900 м, капталдары тик (30–40°), айрыкча өрөөндүн оозу, Ортоктун эки жагы (Кептеш, Тайгакташ) 60–70°, таманы кууш (20–50 м). Алмалынын баш жагы (3500–4100 м) мөңгүлүү, зоолуу келип, тепши сымал; ортоңку бөлүгү (2400–3500 м) кенен, малга жайлуу; төмөн жагы (2100–2400 м) кууш капчыгай, Алмалы суусу чулу гранит тегин кесип, шар агат. Алтынарашан меридиан багытында жатат, баш жагы мөңгүлүү, мореналуу, ортоңку бөлүгү тепши сымал, аягы кууш (каньон), өрөөн эрозиянын натыйжасында пайда болгон; ал гранит, кумдук ж-а акиташ тектеринен турат. Климаты континенттик, июлдун орт. темп-расы 13–14° С, январдыкы —7...—9° С. Жылдык жаан-чачыны 500–800 мм. Мөңгүлөрү: Кашкасуу, Алтынарашан, Ашуусуу, Алмалы ж. б. Ири суулары: Алтынарашан, Алмалы; алардын куймалары: Ашуусуу, Кашкасуу, Шаркыратма, Айланма. Өрөөндө боз, күрөң ж-а шалбаа топурактары басымдуу. Алтынарашандын төмөнкү ж-а ортоңку бөлүгү калың карагайлуу. Алмалыда карагай Ортоктун үстүнөн жогору карай 30–35 кмге созулат. Тескейи карагай черлүү; бадалдуу карагайдын арасында четин, шилби, терек, тал, итмурун өсөт. Арча, табылгы ж-а бадал Алмалынын эки бетин тең ээлейт. Өрөөндө карагайдын бийикт. 30–35 м, жоондугу 08– 1,5 мге жетет. Мындай чоң карагайлар Кырг-ндын башка аймактарында сейрек кездешет. Өрөөн кооз ж-а ысык булактар бар; малга жайлуу.