География:АЙДАРКЕН ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙДАРКЕН ӨРӨӨНҮ, Хайдаркен ө р ө ө н ү Түш. Теңиртоодо; Сох суусунун алабында, Куруксай—Кулдуктоо ж-а Катыраңтоонун аралыгындагы 80 км аралыкта созулуп жатат. Туурасы 5–10 км; деңиз деңг. бийикт. 1208–3000 м. Баш жагында Алаудин ж-а Таркол өрөөндөрүнөн турат. Тоо капталдары жайпагыраак, байыркы мореналар, тепши сымал өрөөндөр бар; төмөн жагы жайпак. Өрөөнгө тайпак жондор, түздүктөр мүнөздүү. Фундаменти палеозойдун чөкмө тектеринен туруп, айрым жерлерде жер бетине чыгып жатат. Палеоген-неогендин конгломерат, кумдук тектери неотектоникалык бүктөлүүгө дуушарланып, өрөөндүн чет-жакаларында майда адырларды пайда кылат. Төртүнчүлүк мезгилинин борпоң чөкмөлөрү палеозойдун фундаментин жаап жатат. Климаты континенттик. Январдын орт. темп-расы —6,4 —10° С, июлдуку 19–22° Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 300–480 мм. Суулары: Сох, Таркол, Алаудин ж. б. Тоолуу бозомук күрөң ж-а каралжын күрөң топурак басымдуу. Өсүмдүктөрүнөн бетеге, шыбак, доңуз сырты, жалбыз, өлөң, арча, төөкуйрук, түркстан чиеси, табылгы ж. б. өсөт. Чарбасынын башкы тармагы дан ж-а мал чарбасы. А. ө. аркылуу Ош — Лейлек, Баткен —Палал ж-а Сох— Риштан авт. жолдору өтөт.