География:АГАТАНМАНАК ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГАТАНМАНАК ӨРӨӨНҮ — Алай кырка тоосунун чыгышында субмеридиан багытында созулуп жатат. Аянты 40 км2ден ашык. Уз. 70 кмдей. Жеринин бети түш.чыгыштан түн.-батышты карай жантайыңкы; дөңсөөлүү. Негизинен палеозойдун карбонаттуу терриген тоо тектеринен түзүлгөн. Кышы суук, жайы мелүүн. Жылдык жаан-чачыны 450–500 мм. Өрөөн аркылуу Агатанманак суусу (Мурдаштын бир курамы) агат. Токой (2300–2500 м), субальп (2500–3000 м) ж-а альп шалбаалуу талаа (3000–3600 м) ландшафты басымдуу. Жайкы жайыт.