География:ШАМШЫ АШУУСУ
ШАМШЫ АШУУСУ Кыргыз Алатоосунун чыгыш бөлүгүндө. Түн. ж-а Түш. Шамшы сууларынын баш жагында жайгашкан. Бийикт. 3570 м. Ашуу эки чокунун аралыгындагы ээр сымал кайкыда. Ал аркылуу Кочкор м-н Чүй өрөөндөрү байланышып, Чүй, Кемин р-нун малы Кыргыз Алатоосунун түш. капталындагы жайыттарга ашырылат.