География:ЧЫЙЫРЧЫК АШУУСУ
ЧЫЙЫРЧЫК АШУУСУ Түш. Кырг-ндагы Алай кырка тоосунун түн. капталында. Гүлчө м-н Талдык сууларын бөлүп турган Кумбел тоолорунун жапыз бөлүгүндөгү бел. Оштон 65 км аралыктагы Бешконуш өрөөнү аркылуу чыгышты карай жүргөндө Ч. а. башталат. Деңиз деңг. бийикт. 2402 м. Капталдары бир кыйла тик болгондугуна карабастан, ийри-буйру кеткен каптал жол (серпантин) аны анчейин бийик эместей сездирет. Ашуу аркылуу Ош — Хорог авт. жолу өтөт.