География:ЧАНАЧ АШУУСУ
ЧАНАЧ АШУУСУ Чаткал кырка тоосунун орто бөлүгүндө. Бийикт. 3408 м. Ашуудан Чанач суусу башталат. Түн. бети жантайыңкы, нивалдык сейрек өсүмдүктөр кездешет, түштүгү тигирээк, жылаңач. Белинде өсүмдүк жок. Ашуу май — октябрь айларында ачык. Фергана ж-а Чаткал өрөөндөрүн байланыштырган авт. жолу өтөт.