География:ТОРАЙГЫР АШУУСУ
ТОРАЙГЫР АШУУСУ Күнгөй Алатоонун батышында. Түн. ж-а Түш. Торайгыр сууларынын башынан орун алган. Бийикт. 3250 м. Анын айланасындагы Көлтөр чокусу 3812 м, Кызылбулак чокусу 3830 м бийиктикте жатат. Ысыккөл ж-а Чоң Кемин ойдуңдарынын таманынан салыштырмалуу бийикт. 1600 м. Түн. тарабынын ландшафты кооз. Жыш өскөн карагай токоюнун арасында, 2430 м бийиктикте Көлтөр көлү жайгашкан. Туристтердин жолу. Т. а. аркылуу Ысыккөл р-нун малы Көкойрок жайлоосуна ашырылат.