География:КЫЗЫЛАРТ АШУУСУ
КЫЗЫЛАРТ АШУУСУ Чоң Алай тоосунда. Кырг-н ж-а Тажикстандын чек арасында, Кызыларт суусунун батышынан орун алган. Бийикт. 4280 м. Ашуунун бели түзөң, түн. капталы тик, түштүгү жантайыңкы, бара-бара Памирдин тайпак тоолоруна өтөт. Негизинен палеоген м-н неогендин кызыл түстүү чопо, алевролит, кумдук конгломерат тектеринен түзүлгөн. Жыл бою ачык, ал аркылуу Ош—Хорог авт. жолу өтөт.