География:КУБАКЫ АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУБАКЫ АШУУСУ Кыргыз Алатоосунун чыгышында. Ортотокой, Байдамтал өрөөндөрүнүн чек арасынан орун алган. Кочкор ж-а Тоң р-ндорунун аймагында. Бийикт. 2350 м. Ашуунун түн. капталы жантайыңкы, түштүгү тигирээк. Девон, карбондун кумдук, конгломерат, сланец, акиташ тектеринен түзүлгөн. Ашуу жыл бою ачык, Боом капчыгайынан Ортотокой өрөөнүнө түшкөн авт. жолу (Бишкек – Кочкор төтө жолу) өтөт. Эл чарбасында мааниси чоң.