География:КЕЛТЕБЕК АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕЛТЕБЕК АШУУСУ Атбашы кырка тоосунда. Каракоюн м-н Аксай өрөөндөрүн байланыштырат. Башкелтебек суусунун башында. Бийикт. 3969 м, Түш. бети ашууга жакын тик, кумайлуу; түн. бети жантайыңкы, бир аз корумдуу. Палеозойдун кумдук ж-а акиташ тектеринен түзүлгөн. Ашуу май — сентябрь айларында ачылат. Аксай ж-а Чатыркөл өрөөндөрүнө мал ашыры лат.