География:КАШКЕЛЕҢ АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШКЕЛЕҢ АШУУСУ Иле Алатоосунда, Каскелең суусунун алабында жайгашкан. Алматы облусун Чоң Кемин өрөөнү м-н байланыштырат. Бийикт. 3716 м. Капталдары тик. Тоо кырларынын ашуудан салыштырмалуу бийикт. 400—500 м. Негизинен протерозой ж-а палеозойдун гранит, сиениттеринен турат. Ашуу аркылуу 1856-ж. саякатчы ж-а географ П. П. Семенов-Тяньшанский өткөн. Июнь — сентябрь айларында жол ачылат.