География:КАТЫНАРТ АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТЫНАРТ АШУУСУ Алай кырка тоосунда Алай (түш.) ж-а Гүлчө. (түн.) өрөөндөрүн байланыштырат. Бийикт. 3514 м. Тоо кыркаларынын ашуудан салыштырмалуу бийикт. 200—300 м. Ашуунун бели анча татаал эмес. Тоо кырлары тайпак, түздүктүн калдыктары кездешет. Негизинен палеозойдун акиташ тектеринен түзүлгөн. Ашуу аркылуу Ош — Хорог авт. жолу өтөт.