География:КАЛДАМА АШУУСУ
КАЛДАМА АШУУСУ Фергана тоо тизмегинде, Көгарт сууларынын башында. Бийикт. 3062 м. Тоо кырларынын ашуудан салыштырмалуу бийикт. 300—400 м. Негизинен силур-девондун акиташ теги, мрамор, сланец тектеринен турат. Ашуу июлдан ноябрдын башына чейин ачык. Ал аркылуу Жалалабат облусун Нарын облусу м-н байланыштырган авт. жолу өтөт. Ашуунун мойногу түзөң шагылдуу ж-а кумдуу, түн.-чыгыш капталы тигирээк. Чарбачылыкта мааниси чоң.