География:БЕШТАШ АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШТАШ АШУУСУ Талас Алатоосунун түн.-чыгышында, Бешташ өрөөнүндөгү Коргоншанык суусунун оң куймасынын төрүндө жайгашкан. Деңиз деңг. 3578 м бийикте. Шанык (3533 м), Коргоншанык (3425 м) ашуулары катарлаш жатат. Айрым тоо чокулары 3969 м көтөрүңкү. Аймакта рифейдин биотиттүү гранит, гранитдиорит, алардын үстүндө татаал түзүлүштөгү девон-карбон мезгилинде жиреп чыккан андезит, базальт, порфирит интрузиялары, кумдук, конгломерат акиташ тектери жатат. Ашууга 1948—50-ж. Талас ж-а Токтогул р-ндорун байланыштыруучу авт. жолу салынган. Экинчи «кой жол» Түш. Бешташтын төрүнөн чыгышты көздөй этектеп, Акталаа өрөөнүнүн төрүн басып, 3212 м бийиктиктеги Арым ашуусун ашып, Арым ж-а Чычкан өрөөндөрүнө түшөт.