География:АЛАБЕЛ АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛАБЕЛ АШУУСУ Талас Алатоосу м-н Суусамыр кырка тоосунун кошулган жеринде. Чычкан өрөөнүнүн суу бөлгүчүндө деңиз деңг. 3184 м бийиктикте. Анын айланасындагы тоо чокуларынын бийикт. Талас Алатоосунда 3730 мге, Суусамыр кырка тоосунда 3798 мге жетет. Ордовик мезгилинин башталышында пайда болгон метаморфизмделген кумдук, конгломерат, туф, айрым бөлүгүндө порфириттер, кремнийлүү тектер, акиташ теги ж-а үстүнкү протерозойдун серициттешкен кварцтуу сланецтери, неоген-палеогендин чопо, конгломераттары, антропогендин борпоң чөгүндүлөрү түзөт. А. асимметриялык түзүлүштө, чыгышы (Суусамыр жагы) жазы, батышы (Чычкан тарабы) тик ж-а кыска. Суусамыр тоосунун түн. капталындагы азыркы мөңгүлөр ашууга жакын жатат. Күзүндө кар эрте түшүп, кышында калыңдап кар көчкүлөр жүрүп, жолдун айрым бөлүгүн бөгөп калат да жол катнашын кыйындатат. Январдын орт. темп-расы –18,6°С, июлдуку 7,3°С, жылдык жаан-чачыны 634 мм. Ашуунун түш.-батыш тарабынан Чычкан, түн.-чыгышынан Суусамыр суулары башталат. Кыртышы таштак ж-а кумдак келип, көбүнчө альп шиберлери өсөт. Ашууда жол эксплуатациялоо участогу ж-а кар-көчкү станциясы бар. Ашуунун чарбалык мааниси өтө зор. Ал аркылуу Бишкек — Ош авт. жолу өтөт; Талас ж-а Токтогул р-нун малы А. аркылуу Суусамыр жайлоосуна ашырылат.