География:СӨГӨТ ЧОКУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

СӨГӨТ ЧОКУСУ —Алай кырка тоосунун чыгыш бөлүгүндөгү бийик чоку. Бийикт. 4697 м. Эки жагынан Сөгөт суулары (Чыгыш Көксуу м-н Гүлчөнүн куймалары) башталат. Батыш капталы тик, аскалуу келип, жону тайпагыраак. Түн. капталы кармөңгүлүү. Чоку жаткан тоо карбондун сланец ж-а кумдук тектеринен турат.