География:ЖЕҢИШ ЧОКУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕҢИШ ЧОКУСУ — Жалпы Теңиртоо тоо системасындагы, о. эле Кырг-ндын аймагындагы эң бийик чоку. Какшаалтоо тизмегиндеги Чоң Актоо тоосунда жайгашкан. Бийикт. 7439 м. Чоку бүт кар, мөңгү м-н капталган. Төбөсү тайпак, плато сымал. Негизинен силурдун сланец тектеринен турат. Бийикт. 1943-ж. аскер топографтары тарабынан аныкталып, Сов. Армиянын фашисттик Германияны жеңишинин урматына аталган. Чокуга алгачкы жолу 1956-ж. 30-августта В. Абалаков жетекчилик кылган сов. альпинисттер чыккан.