География:ДАНКОВ ЧОКУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДАНКОВ ЧОКУСУ Какшаал тоо тизмегинде. Бийикт. 5982 м. Үзөңгүкууш суусунун оң куймасы —Чоң Туурасуунун төрүндө жайгашкан. Чоку кесилген конус формасында. Силур, девон мезгилдеринде пайда болгон акиташ тоо тектеринен турат. Түбөлүк кар м-н мөңгү каптап жатат. 19-кдын 70—80-жылдарында Кырг-ндын жерин картага түшүрүүгө катышкан орус топографы С. Д. Данковдун ысымы м-н аталган.