География:БАКТУУДОЛОНОТУ ЧОКУСУ
БАКТУУДОЛОНОТУ ЧОКУСУ—Күнгөй Алатоодо. Долоноту (Чоң-Кеминдин сол куймасы) ж-а Бактуудолоноту сууларынын башынан орун алган. Бийикт. 4476 м. Чоку соңку рифейдин долоноту комплексине кирген порфирит ж-а гнейс-адамелит, гранит-диорит, гранит интрузия тектеринен туруп, тик жалама беттүү. Чокунун түн. тарабы мөңгүлүү.