География:АЛАМҮДҮН ЧОКУСУ
АЛАМҮДҮН ЧОКУСУ — Кыргыз Алатоосундагы эң бийик чоку. Бийикт. 4875 м. Аларча м-н Аламүдүн капчыгайларынын баш жагын бөлүп турган, Кыргыз Алатоосунун түн.-батышты көздөй кеткен тармагынан орун алган. Тик капталдуу үстү тайпак келип, дайыма кар, мөңгү жатат.