География:АКАДЕМИК АДЫШЕВ АТЫНДАГЫ ЧОКУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКАДЕМИК АДЫШЕВ АТЫНДАГЫ ЧОКУ — Академик Адышев кырка тоонун эң бийик жери. Тоонун түн.-чыгыш бөлүгүндө, Ойбала ж-а Көксуу сууларынын башталышында. Бийикт. 4785 м. Капталдары өтө тик келип, мөңгү м-н капталган. Чокунун негизин палеозойдун чулу тектери (гранит, гранит-диорит) түзөт.