География:ЧОЛОМО ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЧОЛОМО ТООСУ – Тескей Алатоонун түн. тармагы, Ысыккөлдүн батышында, Тегерек тоосунун түндүгүндө кеңдик багытта созулуп жаткан жапыз тоо. Уз. 20 км, туурасы 4–5 км. Орт. бийикт. 1900–2000 м, эң бийик жери 2286 м. Тоонун батыш бөлүгү тайпак, чыгышы кырдуураак, капталдары Ысыккөл ж-а Доңузкудук өрөөндөрүн карай жантайыңкы. Неогендин конгломерат, кумдук, алевролит, мергель, гипс тектеринен турат. Жарым чөл ж-а кургак талаа (1800 м бийиктикке чейин), андан жогору карагандуу талаа ландшафттар мүнөздүү. Жайыт. Кыргызстандын Кызыл китебине катталган жейрен мекендейт.