География:УЛУУТОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

УЛУУТОО – Түш. Теңиртоодогу тоо. Араван, Төөмоюн, Кербен түздүктөрү курчап жатат. Кеңдик багытта 30 кмге созулат. Туурасы 9 км. Орт. бийикт. 1250–1400 м, эң бийик жери 1635 м. Тоонун жону тайпак, капталдары жантайыңкы ж-а узун. Карбон, девон, силур мезгилдеринин акиташ, мергель, сланец, кумдук, алевролит ж. б. тектеринен турат. Капталында бариттүү үңкүр жайгашкан. Көмүр кени бар. Негизинен чөл, жарым чөл, кургак талаа ландшафты басымдуу. Жайыт. Үңкүрлөрү рекреация максатында пайдаланылат.