География:ТЕРЕКТИ ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ТЕРЕКТИ ТООСУ Борб. Теңиртоонун батышында. Теректи ж-а Үчкөл сууларынын аралыгында кеңдик багытта жайгашкан. Уз. 48 км, туурасы чыгышында 5–6 км, батышында 10–12 км. Эң бийик жери 4930 м (Башкөл суусунун төрүндө). Кыры зоокалуу; капталдарына тик, терең тилмеленген эрозия рельефи мүнөздүү. Мөңгүнүн жалпы аянты 30 км2 (көбү батыш бөлүгүндө). Ири мөңгүлөрү: Айлампа (уз. 7 км), Саричке (5 км). Байыркы муз каптоонун издери сакталган. Силур м-н девондун конгломерат, сланец, кумдук, акиташ тектеринен турат, астыңкы карбондун гранит-диориттери жиреп чыккан. Ландшафты бийиктик б-ча өзгөрөт: 2900 мге чейин тоо жарым чөлү, 3300–3400 м бийиктикте субальп талаасы, шалбаалуу талаа, 3600–4000 мде альп шалбаа өсүмдүктөрү өсөт; 4000 мден жогору гляциалдык-нивалдык алкак жатат.