География:ТАЛАС АЛАТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ТАЛАС АЛАТООСУ – Түн. Теңиртоодогу ири кырка тоо. Кыргыз Алатоосунан Корумду суусу аркылуу бөлүнүп, кеңдик ба гытта батышты карай Каратоого (Чакпак ашуусуна) чейин созулуп жатат. Уз. 260 км, эң жазы жери 40 км. Орт. бийикт. 3930 м, эң бийик жери – Манас чокусу (4482 м). Суу бөлгүчү аскалуу, кыр чокулары пирамида сымал. Рельефтин альп, эрозия, эрозия-аккумуляция типтери калыптанган. Капталдары асимметриялык түзүлүштө. Тескей беттери (түн.) жазы, күнгөйү (түш.) тик, кыска. Түн. капталы Күркүрөө, Карабуура, Үрмарал, Бешташ, Калба, Үчкошой ж. б. суулардын капчыгайлары ж-а өрөөндөрү м-н тилмеленген. Ашуулары: Өтмөк (3330 м бийикте), Бешташ, Карабуура. Түн.-батыш бөлүгүнөн түн., түн.-чыгышты карай Арчалуу (3377 м), Үчбулак (3469 м), Бакайырчоку (4451 м), Көккыя (3140 м) тоо тармактары таркалат. Түш.-чыгышта Италбарс (2293 м), Башкасуу (2565 м), Арпатектир (3206 м) ж. б. тоо тармактары созулуп жатат. Т. А. негизинен кембрийге чейинки мезгилдин метаморфизмделген сланец, акиташ ж-а палеозой заманынын ар түрдүү чөкмө ж-а эффузив тектеринен турат. Түн.-батыш бөлүгүндө гранитоиддер кеңири тараган. Тоо арасындагы ойдуңдарда, суу бойлогон өрөөндөрдү неогендин кызыл түстүү чөкмө тектери ж-а төртүнчүлүк мезгилдин аллювий, мөңгү чөкмөлөрү жатат. Тоону Талас– Фергана тектон. жаракасы Карабуура ашуусу аркылуу экиге бөлөт. Түн.-чыгыш бөлүгү Түн. Теңиртоонун Каратоо–Талас, батышы Ортоңку Теңиртоонун Чаткал– Нарын структуралык-фациялык тилкесинен орун алган. Коргошун, цинк, жез, калай кендери белгилүү. Климаты кургак, мелүүн континенттик, бийиктик б-ча өзгөрөт. Январдын орт. темп-расы этегинде –7°... –8°С, июлдуку 20–22°С; жаан-чачыны 200–300 мм. 1300– 2500 м бийикте жылдык орт. темп-ра 6– 7°С, жылдык жаан-чачыны 300–400 мм. Ал эми 2500–3200 мде жылдык жаан-чачыны 400–700 мм ж-а гляциалдык-нивалдык алкакта 800 ммге чейин. Т. А-нун түн. капталында жалпы аянты 120,7 км2 болгон 202 мөңгү бар. Ирилери: Манас (6,4 км2), «Вокруг Света» (6,8 км2) ж. б. Т. А-на кадимки боз топурактуу, шыбак эфемердүү жарым чөл (900–1000 м бийикте; дан өсүмдүктөрү эгилип, жемиш бактары өстүрүлөт); ачык коңур топурактуу талаа (1100–1900–2200 м, аккылкан, бетеге, төөкуйрук, карындыз, чий ж. б.), тоолуу кара топурактуу шалбаалуу талаа (2200– 2600 м; бетеге, ар түркүн чөп ж. б. кылканактуу), тоолуу каралжын топурактуу субальп шалбаасы (2700–3200 м; казтаман, майда дүңгөлүү кылкандуу өсүмдүктөр, жапалак арча, шимүүр, көбүргөн, байчечекей ж. б.), тоо шалбаа топурактуу альп шалбаалуу талаасы (3200–3800 м; доңуз сырты, өлөң чөп, кымыздык, тулаң, бетеге, сары байчечекей ж. б.) ж-а гляциалдыкнивалдык (3800 мден жогору) ландшафт зоналары мүнөздүү. Үрмарал (2000–2900 м), Бешташ (1950–2900 м) сууларынын алаптарында көк карагай, карагай, арча ж-а сейрек токой өсөт. Жайыт.